Ссылки доступа

Карагандыдагы мушташка шектүү Нарек Гурурян кармалды


Нарек Гурурян
Нарек Гурурян

Карагандыдагы мушташка катышты деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган Нарек Гурурян кармалды. Ал 23 жаштагы кишини өлтүрүүгө айыпталууда.

Казакстан ички иштер министрлиги билдиргендей, Армения жараны Нарек Гурурян Орусиянын Омск облусунда кармалган. Учурда аны Казакстанга алып келүү иштери жүрүүдө.

7-январда Интернетте Гуруряндын видео кайрылуусу пайда болуп, ал “мушташкандар арасында болгонун, бирок киши өлтүрбөгөнүн” айткан.

Карагандыда Жаңы жыл түнү Гурурян жана башка 8 кишинин катышуусундагы мушташтан бир киши мерт болгон. Бул окуя армян-казак мамилелерине доо кетирип коё жаздаган.

6-январда Карагандыда жүздөгөн адам көчөөгө чыгып, окуяны калыс иликтөөнү талап кылышкан. Райондун акими Ерлан Кошанов “шектүү эки-үч күндүн ичинде кармаларын” убада кылган.

XS
SM
MD
LG