Ссылки доступа

Өзбекстанда акча тапкысы келгендер жарганаттардын уяларын бузуп жатышат


Өзбекстанда жарганаттардын уяларын кымбат баада сатып алуу тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр кызуу талкууланууда.

Маалыматка караганда, айрым колдонуучулар жарганат уяларын сатып, жакшы акча тапса болорун, алардын баасы 5 миңден 10 миң долларга чейин жете турганын жазып жатышат.

Бул билдирүүлөргө ишенип алган айрым колдонуучулар жарганаттардын уяларын издей башташты. Тапкандары аларды видеого тартып, социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

Жаратылышты коргоо менен алектенген Ташкенттеги «Жандуу жаратылыш» коомунун активисти Анастасия Ташилова жарганаттардын уялары бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө. «Адамдар интернеттеги болбогон маалыматтарга ишенип алып жарганаттардын уяларын бузуп жатышат. Алдамчылар ойлоп чыгарган андай билдирүүлөргө ишенбегиле», - деди ал.

Айрым колдонуучулар жарганаттардын уяларынан дары өндүрүлө турганын жазышууда.

Жарганаттар сүт эмүүчүлөрдүн эркин уча ала турган жалгыз түрү болуп эсептелет. Алардын уясы ракка каршы дары-дармектерди өндүрүүдө пайдаланыла тургандыгы жөнүндө ачык маалыматтар жок.

Гонконгдо жарганаттардын уяларынан шорпо жасап иче тургандыктары белгилүү. Латын Америкасында уядагы калдыктарды жер семирткич катары пайдаланышат. Википедиядагы маалыматтарга караганда, жарганаттардын "Guano" деп аталган түрүнүн калдыктарынын 1 килограммынын баасы 1,5 доллардан 3 долларга жетет.

XS
SM
MD
LG