Ссылки доступа

«Тажик Эйр» кызматкерлерин мөөнөтсүз өргүүгө кетирди


«Тажик Эйр» авиакомпаниясы кызматкерлеринин көбүн мөөнөтсүз өргүүгө жөнөттү. Өткөн жумада компания бардык багыттар боюнча каттамдарды аткарууну убактылуу токтотконун жарыялаган.

Компания кызматкерлеринин айтымдарында, 9-январда аларды жумушка чакырып, мөөнөтсүз өргүүгө чыгуу тууралуу арыз жазууну талап кылышкан. Айрым кызматкерлер сентябрдан бери айлык ала электигин айтышып, маяна берилгенден кийин гана арызга кол коё тургандыктарын айтышкан.

Компаниянын басма сөз катчысы Азиз Хайруллоев кызматкерлердин көбү, анын ичинде учкучтар менен стюардессалар өргүүгө кетирилгенин ырастады.

Азиз Хайруллоев
Азиз Хайруллоев

Анын айтымында, мындай зарылчылык компания каттамдарды аткарууну токтоткондон кийин келип чыккан. Ал канча кызматкер өргүүгө кетирилгенин айткан жок. Бирок өз булактардын билдиргенине караганда, 9-январдан тарта компаниянын 90% штаттык кызматкери мөөнөтсүз өргүүгө кетирилди.

Учурда «Тажик Эйр» бардык багыттар боюнча каттамдарды аткаруусун токтотту. Күз-кыш мезгилинин соңуна чейин бул компаниянын Орусия шаарларына жасалчу каттамдарын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы аткарып турат.

«Тажик Эйр» компаниясы буга чейин Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Бишкек, Алматы, Самарканд өңдүү шаарларга каттамдарды аткарып келген.

Учурда «Тажик Эйрдин» айланасындагы абалды өлкө премьер-министри Кохир Расулзода башында турган өкмөттүк комиссия карап жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары бир айдын ичинде жарыяланып, авиакомпанияны банкрот деп табуу же анын ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө болору тууралуу чечим кабыл алынышы керек.

XS
SM
MD
LG