Маалымкат коммуналдык кызматтар үчүн карыз жок жарандарга гана берилет.
Түркмөнстан банктары чет өлкөгө жөнөтүлө турган акча көлөмүн чектөө үчүн ырааттуу түрдө жаңы талаптарды киргизип турат.
Чет өлкөдө окуган түркмөнстандык студенттер 2017-жылдын күз мезгилинен тарта каражаттарды накталай түргө алмаштырууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Банк карталарынан акча чыгара алышпай убара болгон учурлар көп кездешет.
Түрмөнстандык студенттердин айтымында, каражат чыгаруудагы машакаттардан улам окуу акысы убагында төлөнбөй калууда.