Ссылки доступа

Адистер космосто тартылган түркмөн желегинин сүрөтү фотошопто жасалганын билдиришүүдө


ТДХ тарабынан жарыяланган орусиялык космонавт Олег Каноненконун сүрөтү
ТДХ тарабынан жарыяланган орусиялык космонавт Олег Каноненконун сүрөтү

31-декабрда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) орусиялык космонавт Олег Кононенко түркмөн элин жана өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Жаңы жылы менен куттуктаганын билдирген. Бирок адистер агенттик тарабынан жарыяланган сүрөт фотошоп менен жасалганын билдиришүүдө.

ТДХ жаңылыгына космонавттын Эл аралык космостук станцияда Түркмөнстан желеги менен Бердымухамедов тарабынан жазылган делген китепти кармап турган сүрөтү тиркеген.

Сүрөттөрдүн аныктыгын текшерген fotoforensics.com сайты желек менен китептин түсү сүрөттөгү түстөрдүн гаммасына дал келбей турганын аныктап чыкты. Анализде ошондой эле ТДХ сайтына жарыяланган сүрөт Adobe Photoshop CS6 программасы менен өзгөртүлгөнү белгилүү болгон.

Сайт fotoforensics.com, анализирующий фотографии на предмет обработки, выявило что цвета флага и книги не соответствуют общей гамме цветов на снимке.
Сайт fotoforensics.com, анализирующий фотографии на предмет обработки, выявило что цвета флага и книги не соответствуют общей гамме цветов на снимке.

«Мир 24» телеканалы космонавт Олег Кононенконун дүйнө элин жаңы жылы менен куттуктаган видеосун көрсөткөн. Мындан тышкары интернеттен анын башка адамдарга жасалган видеокайрылуусун дагы табууга болот. Бирок түркмөн элин жана президентин куттуктагандыгы тууралуу видеосун табууга мүмкүн болгон жок.

Орусиялык космонавт Олег Кононенко 1964-жылы Түркмөн ССРинин Чарджоу шаарында туулган. Ал Түркмөнстандын «Президенттин жылдызы» орденинин кавалери жана Орусиянын баатыры. Учурда Эл аралык космостук станциясындагы миссияны жетектеп жүрөт.

XS
SM
MD
LG