Ссылки доступа

Тажикстандык журналист өлкөдөн уруксатсыз чыгып кеткени үчүн соттолду


Хайрулло Мирсаидов
Хайрулло Мирсаидов

Белгилүү журналист, Тажикстан шайырлар жана тапкычтар тобунун мурдагы жетекчиси Хайрулло Мирсаидов сыртынан 8 айга соттолду. Өкүм 11-январда чыкты.

Хайрулло Мирсаидов соттун чечимин аткарбаганы жана өлкө сыртына мыйзамсыз чыгып кеткени үчүн күнөлүү деп табылды. Журналисттин адвокаты Бахтиёр Насруллоев өкүмдү өзгөртүү үчүн доо арыз жазарын билдирди:

– Сотко Хайрулло Мирсаидов чет өлкөгө дарылануу үчүн кеткенин айттым. Согди облусунун сот аткаруучусун мындай түшүндүрмө ынандырган жок. Алар Хайрулло Мирсаидов эч кимге айтпастан, өлкөдөн чыгып кеткен деп жатышат.

Журналист үчүн 2 жыл түзөтүү жумуштары 8 ай камак менен алмаштырылган.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы" үчүн күнөөлүү деп таап, 2018-жылы 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Сот өкүмүнөн кийин Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн. Андан соң анын адвокаттары журналисттин ишин кайра кароо өтүнүчү менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан.

22-августта Согди облусунун соту 12 жылдык түрмөгө кескен өкүмдү жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.

Хайрулло Мирсаидов жумушу жок айып пул төлөй албай жатканын, буга байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG