Ссылки доступа

Түркмөн президенти күч түзүмдөрүнүн мал чарбаларын кыдырды


Президент Туркменистана назвал "Удачей" подаренного военными жеребенка
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

9-январда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов ИИМдин мал чарба комплекси жана укук коргоо органдарынын көмөк чарбаларын кыдырды. Мамлекеттик түркмөн басылмалары билдиргендей, ИИМдин мал чарба комплексинде 360 баш кара мал бар, аларды багуу үчүн бардык шарт түзүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын көмөк чарбасында 50 миң тоок багылат, былтыр алар 11 миллион жумуртка алышкан. Көмөк чарбанын аянты 1500 гектар, ал жерде жүз миңден ашуун көчөт отургузулган, 600дөн ашуун ири мүйүздүү жана он миңдей майда мал кармалат.

Мамлекеттик түркмөн басылмалары кабарлагандай, күч түзүмдөрү күнөсканаларда түрдүү мөмө-жемиштерди өстүрүшөт. Жоокерлер Бердымухамедовдун “Дары чөптөр” китебинде көрсөтүлгөн рецептке ылайык, табигый дары жасап, мисте жана тоо жаңгактарын чогултушат.

Түркмөн президентинин сапары учурунда аскер кызматкерлери ага кулун белек кылышты. Бердымухамедов ага “Ийгилик” деген ысым берип, кийинчерээк ыр арнады.

XS
SM
MD
LG