Ссылки доступа

Денис Тендин өлүмүнө айыпталгандардын бирөөсү күнөөсүн мойнуна алды


Көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө айыпталып жаткандардын бири Нуралы Киясов 14-январдагы сот отурумунда күнөөсүн толук мойнуна алды.

24 жаштагы Нуралы Киясовго «топ адамдын курал колдонуу менен талап-тоноосу» жана «топтошуп адам өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагылган.

11-январдагы отурумда дагы эки айыпталуучу, 24 жаштагы Арман Кудайбергенов менен 23 жаштагы Жанар Толыбаева айыптоолор менен макул эмес экендиктерин айтыштып, соттон беренелерди өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Кудайбергеновго талап-тоноо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айып тагылган. Толыбаева болсо кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаган эмес деп айыпталууда.

Бул иш боюнча сот Алматы шаардык сотунда 3-январда башталган.

2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

XS
SM
MD
LG