Ссылки доступа

Трамп Түркияга Сириядагы күрттөргө чабуул жасабашы керектигин эскертти


АКШ жана Түркия президенттери (архив сүрөт)
АКШ жана Түркия президенттери (архив сүрөт)

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия Сириядагы күрттөргө карата агрессиялык аракеттерден алыс болушу керектигин эскертип, алар жихадчыларга каршы күрөштө АКШнын союздашы экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.

«Эгер күрттөргө чабуул жасаса, анда биз Түркияны экономикалык жактан жок кылабыз. Ошол эле маалда күрттөргө өз аракеттери менен Түркияга, Орусияга, Иранга же Сирияга карата чагымчылдык кылбашы керектигин эскертем», — деп жазды ал.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Эрдоган америкалык аскерлердин Сириядан чыгарылышын АКШнын союздаштары эсептелген күрт топторуна чабуул жасабоо боюнча Анкаранын убадасы менен байланыштырган Трамптын жардамчысы жон Болтондун катуу сынга алган.

12-январда Reuters агенттиги Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясына танктар менен брондолгон унаалар жеткирилгенин билдирген. Түркиянын Коопсуздук кызматы бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ошол эле маалда мекеме Сирия аймагында аскердик операцияга даярдыктар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан жок.

XS
SM
MD
LG