Ссылки доступа

Иранда кулап түшкөн учак Кыргызстандан учуп чыккан (видео)


14-январда Иранда кулап түшкөн Boeing 707 үлгүсүндөгү жүк ташыган учак Кыргызстандан учуп чыккан. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, ирандык компанияга таандык учак чартердик каттамды аткарып жаткан. Аэропорттон 14-январда таңкы саат 7:16да учуп чыккан учак Тегерандагы «Пайам» аэропортуна конушу керек болчу.

Азырынча курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу расмий маалыматтар жок. Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик телеканалына таянуу менен учактын ичинде тогуз киши болгонун жазды. ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, кырсык курмандыктарынын саны 9дан 16га чейин жетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG