Бул тууралуу Токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы Сакен Дилдахмет билдирди. Маалыматка караганда, окуя 13-январь күнү кечке маал болгон. “Охотзоопром” мекемесинин инспекторлору Нура районунун аймагында жүргүзгөн рейд учурунда мыйзамсыз атылган 5 бөкөндүн этин табышкан. Андан соң инспекторлор из кууп, мамлекеттик номуру жок эки жол тандабасты байкашып, алардын бирин токтотушкан. Инспекторлор унааны текшерип жатканда, анын ичиндеги бейтааныш кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада бир инспектор башынан жаракат алып мерт болгон, экинчиси ооруканада.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кол салгандарды аныктоо жана кармоо иштери башталды.
“Охотзоопром” кийиктерди каттоо жана аларды коргоо жумуштарын алып барат. Казакстанда бөкөндөр жоголуп бараткан жаныбарлардын катарына кирет. 2014-жылы алардын саны 256 миңди түзүп, пастереллёз оорусуна байланыштуу көбү кырылып калган.