Ссылки доступа

Түркмөнстан ооган чек арасындагы жоочулардын айынан запастагы аскерлерди каттоого алууда


Учурда Түрмөнстан бийлиги запастагы аскерлерди каттоого алууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ооганстандагы кабарчысы бардык ооган-түркмөн чек арасы жоочулардын колунда экенин билдирүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Коргоо министрлигиндеги өз булагы маалымдагандай, бардык аскер комиссариаттарына 50 жашка чейинки эркектердин согуштук аракеттерге даярдыгын текшерүү тапшырмасы берилген. Бул ооган-түркмөн чек араларындагы кооптуу кырдаалга байланыштуу.

12-январда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы борбордо резервдеги аскерлерди кайра каттоо башталганын маалымдаган. Бул кабарды “Түрмөнстан хроникасы” басылмасы да тастыктаган.

Ооганстандын беш провициясы Түркмөнстан менен чектешет. Күн мурун “Түрмөнстан хроникасы” өлкөдө орусиялык аскерлер менен биргеликте аскердик машыгуулар жанданганын жазган.

XS
SM
MD
LG