Ссылки доступа

"Хабиб бапагы" тажик жаштары арасында модага айланды (видео)


Белая папаха "под Хабиба" – актуальный тренд у модной таджикской молодежи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Тажикстандык жаштар салттуу тебетей эмес, белгилүү дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедов сыяктуу ак бапак кие башташты. Жаштар аны “Хабиб бапагы” деп аташат.

Тажикстан базарларында ак бапактар мурда деле сатылып келген, бирок анчалык суроо-талап жок болчу. Дагестандык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегор ортосундагы мушташтан кийин ММА - "эрежесиз эр урушка" эле эмес, баш кийимдин бул түрүнө болгон кызыгуу да арткан.

"Дагестан Россию всегда поднимал": земляки Нурмагомедова о том, почему боец – всероссийское достояние
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:27 0:00

Учурда “Хабиб бапагы” тажик жаштарынын эң популярдуу баш кийимине айланды. “Мен бул баш кийимди кооздук үчүн сатып алган жокмун. Мен Хабиб Нурмагомедовдун күйөрманымын. Ал дүйнөдөгү эң мыкты спортчулардын бири”, – деди Каримжон Намозов.

“Күйөрмандар футболчулардын футболкасын сатып алган сыяктуу эле, Хабибдин сүрөөнчүлөрү катары биз дагы ушундай баш кийимдерди сатып алып жатабыз”, – деди Бахтиер Махмаджалилов.

Как Дагестан отмечал победу Хабиба Нурмагомедова над Конором Макгрегором
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Душанбе базарындагы соодагер Бахтиёр Садыровдун айтымында, чыныгы кавказ бапактары арзан эмес. Баасы болжол менен 35-40 доллар. Тажикстандыктардын көбү мындай кымбат баш кийимди алууга чамалары чак келбейт. Бирок базардан кытайдан келген синтетикалык “Хабиб бапагын” табууга болот. Анын баасы 10 доллар турат.

“Хабиб бапагына” жаштар эле эмес, айрым учурда улуу муундун өкүлдөрү да кызыгып, сатып алышат.

XS
SM
MD
LG