Ссылки доступа

Душанбенин тургундары өзбек газын пайдалана башташты


Жыл башынан тарта Душанбеде жүздөгөн үй-бүлө кайрадан Өзбекстандын газын пайдалана баштады. Коңшу өлкө 2012-жылы Тажикстанга көгүлтүр отун берүүнү толук токтоткон эле.

Маалыматтарга караганда, азырынча Душанбенин бардык райондорунда өзбек газы жеткиликсиз. Көп жылдардан бери пайдаланылбай калгандыктан, шаардагы газ куурларынын көбү жарактан чыккан.

«Душанбегаз» ишканасынан билдиришкендей, учурда аларда түтүктөрдү ондоого каражат жок. Анткен менен айрым кафе-ресторандар куурларды өз алдынча оңдоп, өзбек газын пайдалана башташты.

«Буга чейин биз «Газпромнефть» менен «Фароздон» суюлтулган газ сатып алып келгенбиз. Өзбек газын колдоно баштаганыбызга бир ай болуп калды. Азыр газ үчүн дээрлик эки эсе аз акча коротуп жатабыз», — деди жергиликтүү кафелердин биринин ээси.

Учурда Душанбедеги айрым район тургундары менен ресторандардан тышкары өзбек газын шаардагы Жылуулук электр борбору дагы пайдаланууда. Азырынча Өзбекстандан канча газ импорттолуп жатканы айтыла элек. «Душанбегаз» ишканасындагы өз булактар миң куб метр жаратылыш газын 145 доллардан алып жатышканын билдиришти.

2012-жылы Өзбекстан газ берүүнү толук токтотконго чейин тажик тарап миң куб метри үчүн 350 доллардан төлөп келген. Былтыр мартта эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Тажикстан үчүн миң куб метр газдын баасы 120 доллар деп белгиленген.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG