Мекеменин фатва башкармалыгынын адиси Абдулвахид Хомидов мындай чечим диний китептерди изилдеп чыккандан кийин кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин жарандар муфтиятка кайрылып, эркектердин бел күчүнө таасир эте турган каражаттардын шариатка каршы келер-келбеси тууралуу маалымат сурашкан.
Былтыр майда өлкөдө Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөл кызматы импотенцияны дарылай турган жана дарыгердин кагазы менен гана сатыла турган дары-дармектердин тизмесин жарыялаган.
Дарыгерлердин айтымдарында, акыркы кездери жаштар эркектердин бел күчүнө таасир эте турган «Тонгкат», «Титан-гель» өңдүү каражаттарды көбүрөөк пайдалана башташты. Адистердин белгилешинче, мындай каражаттарды көп колдонуу ден соолукка зыян болушу мүмкүн.