Ссылки доступа

Ташкентте Дипломатия университетинин студенти асынып алды


Ташкент шаарындагы наабайканалардын биринен Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин 4-курсунун студентинин сөөгү асынган абалда табылды. Курсташтары ал өзүн-өзү өлтүрдү деп божомолдошууда.

Маркумдун курсташтарынын биринин айтымында, ал 14-январь күнү кечинде чыгып кеткен.

23 жаштагы студенттин сөөгү 15-январь күнү эртең менен Ташкент шаарындагы наабайканалардын биринен табылган.

– Жатаканадан чыгып баратып, туугандарыныкына конорун айткан. Бирок 15-январда анын сөөгүн Юнусабад районундагы наабайканалардын биринин терассасынан таптык, – деди маркумдун курсташтарынын бири.

Студенттин дагы бир курдашы досу акыркы күндөрү маанайы чөгүп жүргөнүн белгиледи:

– Учурда экзамен тапшырып жатабыз. Бул бала сабактан көп калчу, билишимче ал окуудан тышкары иштечү. Аны кийинки жылга калтырабыз деп коркутушкан. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү: келишим түрдө окуунун акысы 22 миллион сум (2590 доллар) турат. Ал окуу үчүн акчаны араңдан зорго тапчу.

Бирок университет жетекчилиги маркумдун курсташтарынын билдирүүлөрүн четке какты. Ага окуу жайдан психологиялык кысым көрсөтүлгөн эмес. Маркум биринчи семестр үчүн окуу акысын толугу менен төлөгөн. Ал аз камсыз үй-бүлөдөн болгондуктан, ага жеңилдиктер берилип турган.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG