“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, 14-январдан бери чылым чектөөлөр менен сатыла баштады:
– Кезекке таңкы саат 6-7ден тарта тура башташат. Тамеки 40 мүнөт же бир сааттын ичинде эле жок калууда. Бул жараянды 2-3 полиция кызматкери, 3-4 аскер окуу жайынын курсанты, андан тышкары 2-3 жөнөкөй адам көзөмөлдөөдө. Кардарлардын саны болжол менен 100-150 киши.
Маалыматтарга караганда, тамеки шаардын борборуна жакын жайгашкан айрым дүкөндөрдө гана бар. Бир кишиге бир пачкадан гана чылым сатылууда. Дүкөндөрдө видеокөзөмөл камералары орнотулган. Кайра-кайра кезекке туруп, тамеки алгандар бейбаштык үчүн жазаланышы мүмкүн.
Тамеки сатуу полиция жана коопсуздук кызматкерери тарабынан көзөмөлдөнгөнүнө карабастан, айрым учурда кезекке тургандар мушташып, жаңжал чыгууда.