Тереза Мэйге ишеним көрсөтпөө демилгесин оппозициялык Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин парламенттин 15-январдагы жыйынында көтөрүп чыккан. Анда депутаттар Европа биримдигинен чыгуу тууралуу премьер-министр тарабынан сунушталган макулдашууну талкуулап, аны колдобой коюшкан.
Эми бейшембиде Тереза Мэй ЕБдин курамынан чыгуу шарттары тууралуу парламенттеги фракциялардын лидерлери менен консультацияларды баштайт деп күтүлүүдө. 21-январда парламентте Брекзиттин жаңы стратегиясы боюнча кайрадан добуш берүү өтүшү мүмкүн.
Эгер ал план дагы четке кагыла турган болсо, анда депутаттар биримдиктен эч кандай макулдашуусуз чыгып калууга жол бербөө үчүн ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өз колдоруна алууга аракет кылышы мүмкүн.