Анын айтымында, жергиликтүү «Анжиян» футболдук клубуна материалдык жардам көрсөтүшү керек болгон мекемелердин тизмесинде 167 ишкана жана уюм бар.
Өлкө президентинин 2017-жылдын 9-мартындагы жарлыгы менен GM Uzbekistan компаниясы «Анжиян» футболдук клубунун башкы демөөрчүсү болуп дайындалган.
GM Uzbekistanдын өкүлү учурда компания банкротко кептелүү алдында турганын, ошондуктан демөөрчүлүк кылууга акча жок экенин билдирди. «Экспорт жок. Аавтоунааларды сатуу төмөндөп кеткендиктен каражат жетишсиз болууда. Азыр компанияны прокуратура текшерип жатат. Ишкана банкрот деп табылышы мүмкүн», — деди компания өкүлү.