Бул иш «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча тергелип жатканын айткан Касымов шектүүлөрдүн арасында полиция кызматкерлери жок экенин белгиледи.
Окуя 13-январь кечинде Караганда облусундагы Нура районунун аймагында болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада бир инспектор башынан жаракат алып мерт болгон.