Ссылки доступа

Өзбекстандын Чоң театрын Андрис Лиепа жетектейт


Белгилүү балетмейстер Андрис Лиепа Ташкенттеги Алишер Навои атындагы мамлекеттик академиялык чоң театрынын жетекчиси болуп дайындалды.

Орусиянын Эл артисти Андрис Лиепа 8 жыл Москвадагы Чоң театрдын солисти болуп иштеген. Аны эл аралык балет труппалары дагы чакырып турган.

Лиепа 1992-жылы АКШдагы турне учурунда оор жаракат алгандыктан, чоң сахнаны таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мындан соң ал дүйнөдөгү көптөгөн театрлардын сахналарында балет койгон.

Лиепа Ташкентке 2018-жылы октябрда келип, хореограф Игор Пиворович менен “Шахерезада”, «Зымырык Куш» балеттерин койгон.

Андрис Лиепа – советтик жана орус балет артисти, Чоң театрдын премьери Марис Лиепанын уулу.

XS
SM
MD
LG