Үй-бүлөлүк майрамдын катышуучулары кафе кызматкерлери менен милициянын өкүлдөрү аларды «шаар башчысына тоскоолдук кылбасын» деп чыгарып жиберишкенин билдиришүүдө.
Бирок шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү кафенин кардарлары калаа башчынын буйругу менен чыгарылганын четке какты. Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери ал жерге нөөмөттөгү милиционердин телефон чалуусунан кийин барышкан.
Нурафшон шаарынын тургундарынын бири кафенин ичинде тартылган видеону жарыялады. 45 секундга созулган тасмадан орто жаштагы аял милициянын аракетине нааразылыгын билдирип жатканын көрүүгө болот.