Басылманын маалыматына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирге Гүлнара Каримованын тоңдурулган 800 миллион франкынын 100 миллионун алууну көздөп жатат.
Гүлнара Каримова менен Мансур Максуди 1991-жылы баш кошуп, 2001-жылы ажырашып кетишкен.
«Ажырашкандан кийин Мансур менен Фариддин Өзбекстандагы мүлкүн тартып алышкан. Алардын Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясындагы үлүштөрү ортомчулар аркылуу швейцариялык Zeromax компаниясына берилген», - деп жазды Der Bund.
Мансур Максуди басылмага берген интервьюсунда мүлкүн тартып алгандар жазасыз калбай турганын эскерткен.