Ссылки доступа

Чыгыш Казакстанда аба ырайына байланыштуу 400 адам жолдо калды


20-январда катуу бороондун айынан Чыгыш Казакстан облусунун Үржар районундагы "Алматы - Усть-Каменогорск" трасссында унаа тыгына пайда болуп, жүрө албай калышкан. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Түшкү саат 12:00дөн баштап бул багыт боюнча жол жабылган.

Комитеттин кабарлашынча, 7 автобус, 45 камаз, 30 жеңил унаа, 8 газель жолдо калган. Жалпысынан алардын ичинде 400дөн ашуун киши болгон.

Кишилерди коопсуз жайга алып чыгып кетүү үчүн куткаруучулар жана техника жиберилген. Бирок жүргүнчүлөр унааларын таштап кетүүдөн баш тартышкан.

Үржар районунун Таскелең айлындагы маданият үйүндө жолдо калгандар үчүн жылынуу жайы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG