Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандардын көбү супермаркеттерге барбай, базардан соода кыла башташты


Өзбекстанда сурамжылоонун жүрүшүндө жарандардын 52 пайызы азык-түлүктөрдү супермаркеттерден сатып алууну токтотуп, жергиликтүү базарларга бара баштагандыктарын билдиришкен.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, ага катышкан 400 адамдын 37 пайызы базарда дагы, супермаркеттерде дагы соода кылса, 11 пайызы супермаркеттерге гана барышат.

Адистердин айтымдарында, жарандардын базарда соода кылууга артыкчылык бере башташына быйыл январдан тарта киргизилген кошумча нарк салыгын алуунун жаңы тартиптери себеп болууда.

– Өлкөдө салык системасы өзгөргөндөн кийин сатып алуучулар кыйынчылыктарга туш болушту — алар супермаркеттерден керектүү товарларды таба албай калышты. Ошондуктан базарларга бара башташты. Алсак, мурда дүкөн текчелеринен сүттүн он түрүн табууга мүмкүн болсо, азыр анын 2-3 гана түрү сатылууда. Товар жеткирүүчүлөр баалар боюнча макулдаша алышпай, айрым товарлар келбей калды. Экинчи себеп — кассалык чектерге карата кошумча нарк салыгынын киргизилиши. Ошондуктан жарандардын көбү супермаркеттерден базарларга кетип жатышат», – деп билдирди сурамжылоо жүргүзгөн уюмдун өкүлү.

Акыркы жылдары ири шаарлардын тургундары гана эмес, район борборлорунун жашоочулары дагы супермаркеттерде соода кылууга өтүшкөн эле.

Өзбек өкмөтү кошумча нарк салыгын бюджетти толтуруунун негизги булагы катары эсептейт. Расмий божомолдорго ылайык, 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 35 пайызын кошумча нарк салыгынан түшкөн каражат түзөт.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG