Ссылки доступа

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Мамлекеттик цирктин кызматкерлери парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар мекеме жетекчилигине цирк өнөрүн жакшы түшүнгөн адамдын дайындалышын талап кылып, бул кызматка гимнаст Аида Акматованын талапкерилигин сунушташууда. Акция катышуучулары директор 45 күндөн бери дайындалбай, ага кимдердин талапкерлиги каралып жатканы ачык айтылбай жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Эгер бул талаптар аткарылбаса цирктин 40 артистинин 35и жумштан кетүү тууралуу арыз жаза тургандыктарын билдиришти.

Циркти 2004-жылдан бери жетектеп келаткан буга чейинки директор Курмангазы Исанаев былтыр жыл соңунда жамааттагы нааразылыктардан улам кызматтан кеткен.

Маданият министри Азамат Жаманкулов учурда цирктин жетекчилигине төрт кишинин талапкерлиги каралып жатканын билдирди.

Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы негизделген. Учурда анда 130 адам иштеп жатса, алардын 40ка жакынын артисттер түзөт.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG