Ссылки доступа

Мирзиёев быйыл чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт


Быйыл Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чет өлкөлөргө 36 сапары пландалган. Бул тууралуу Эл аралык пресс-клубдун төрагасы Шерзодхон Кудратхужаев билдирди.

20-январда мамлекет башчы экинчи чет өлкөлүк сапарынын алкагында Германияга барды. Берлинде ал өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбл менен жолугат.

Мирзиёев 2019-жылкы чет өлкөлүк сапарларын Индиядан баштаган. 17-18-январь күндөрү ал «Динамикалык Гужарат — 2019» деп аталган IX эл аралык инвестициялык саммитке катышкан.

Алдыда өзбек президенти Бельгияга, Канадага, Жапонияга, Болгарияга жана Беларуска барат деп күтүлүүдө.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG