Ссылки доступа

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге каршы иш козгоду


Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге  карата административдик иш козгоду. Аталган социалдык түйүндөр орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо пландары боюнча билдирүү беришкен эмес деп айыпталууда.

Роскомнадзордун өкүлүнүн айтымында, америкалык компаниялар алардын суроолоруна “формалдуу” түрдө жооп беришкен. Орусия мыйзамдарынын учурда жана келечекте аткарылышы тууралуу маалымат беришкен эмес.

"Медуза" басылмасы билдиргендей, административдик иш маалымат бербөө беренеси боюнча козголгон. Мекеме буга чейин жеке маалыматтарды сактоо тууралуу мамлекеттик органдарга кабар бербегендерге беш миң рублга чейин айыппул салынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG