Ссылки доступа

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды


Түркмөн армиясынын жоокерлери

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өлкөнүн аскер мекемесиндеги өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, ноябрдан бери запастагы офицерлер аскер комиссариаттарына чакырылып, аларга катталган жерлеринде болуу талабы коюлууда. Мындан тышкары комиссариаттарга 50 жашка чейинки бардык эркектердин аскердик аракеттерге даяр-даяр эмес экендигин текшерүү тапшырмасы берилген.

Басылма белгилегендей, учурда Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен дээрлик бардык аймактары куралдуу согушкерлердин көзөмөлүндө болгондуктан, өлкө жетекчилиги чек арада жаңжал чыгып кетүү ыктымалдыгынан кооптонууда. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 800 чакырымды түзөт.

Өткөн жумада «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы дагы өлкөдө запастагы офицерлер текшерүүгө алынып жатканын жазган. «8-январдан тарта мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык эркектер кадрлар бөлүмүнө аскердик билеттерин тапшырууга милдеттендирилди», — деп жазган басылма.

Видео

Видео

ПИН номурдан чыккан чыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG