Ссылки доступа

Казак чек арачылары суукта калган беш өзбек жаранын куткарды


Казак чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүп бараткан беш өзбек жаранын колго түшүрүштү.

«Алар түз эле жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Бирөөсүнүн буттарын 3-4-даражада үшүк алган. Ал интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылды. Азыр абалы оор», — деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары дагы экөөсүнүн бутун 2-3-даражадагы үшүк алган. Алардын абалы канааттандыраарлык.

Учурда чек ара бузгандар милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жергиликтүү ооруканада дарыланып жатышат.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG