Ссылки доступа

Ферганада түрттүрүлө турган үйдүн тургуну жүрөгү кармап каза болду


19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы жашоочусу Виктор Аристов жүрөгү кармап каза болду. Туугандары ал үйдүн тургундарын башка жерге көчүрүүгө аракет кылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн басымына туруштук бере албай калганын билдиришүүдө.

«Акимчилик кызматкерлери менен анын үй-бүлөсүнүн ортосунда жаңжал болду. Жыйынтыгында үй ээсинин кан басымы жогорулап, жүрөгү кармап жыгылды. Эртеси ооруканада каза болуп калды», — деп билдирди маркумдун коңшуларынын бири.

Шаар бийлиги азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. Аристовдун өлүмүнөн кийин калаа башчынын орун басары прокуратурага чакырылганы айтылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Фергана акимчилиги 2-январда жакынкы күндөрү аталган райондогу онго жакын үй түрттүрүлө турганын билдиришкен. Бирок жашоочулар бийлик тарабынан сунушталган жаңы үйлөр шаар четинде экенин жана жакын жерде мектеп менен дүкөндөр жок экенин билдиришүүдө. Буга байланыштуу ондогон үй-бүлө үй жумадан бери көчүп кетүүдөн баш тартышууда.

Расмий маалыматтар боюнча Фергананын борборундагы көп кабаттуу үйлөр өткөн кылымдын 41-45-жылдары курулуп, учурда «моралдык жактан эскирген» деп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG