“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аба ырайынан катаал шартынан улам бир катар райондор электр жарыгысыз калды. Абанын температурасы 0 градустан төмөн болууда. Турак жайларды жылытууда көйгөй жаралды. Себеби көп жылдардан бери айылдарга кышкысын жаратылыш газы берилбей калган.
Редакциянын маалыматына караганда, тез-тез кар жаап жаткандыктан, акыркы 10 күндөн бери айылдарды бириктирген автожолдор жабылды. Мал жандыктары кырылууда.