Согди облусунун прокуратурасы улгайган аял дарыланууга муктаж экенин, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү тууралуу Истад Курбонованын туугандарына кат жөнөткөн. Катта тергөө абагындагы суицид аракетинин себептери иликтенери жөнүндө сөз болгон эмес.
Истад Курбанованын жолдошу Баходур Бобоев кылмыш ишин Хожент же Душанбе тергөөчүлөрүнүн иликтөөсүн суранууда:
– Биз бул ишти мыйзам чегинде калыс иликтөөнү сурайбыз. Жергиликтүү тергөөчүлөргө ишенбейбиз. Тергөөнү Хожент же Душанбе тергөөчүлөрү жүргүзсө жакшы болмок. Бирок облустук прокуратура буга көнгөн жок.
Бобоевдин айтымында, жубайы жергиликтүү прокуратуранын адилетсиз аракеттерине каршылык көрсөтүү үчүн өткөн аптада өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасаган.
Буга чейин жергиликтүү укук коргоо органдары Курбонова кокусунан кайнак сууну башынан ылдый куюп жибергенин маалымдашкан. Бирок айыпталуучунун адвокаты ал өзүн өрттөгө аракет жасаганын айткан.
70 жаштагы Истад Курбонова ушул айдын башында жер тилкесин басып алуу жана ал жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен камалган. Бирок ал аталган жер тилкесин совет мезгилинде эле мыйзамдуу түрдө алганын билдирүүдө.