Ссылки доступа

Казакстанда көп балалуу энелер социалдык коргоо министринин отставкасын талап кылышууда (видео)


Многодетные матери Казахстана требуют отставки министра соцзащиты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Казакстанда көп балалуу энелер өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованы кызматтан кетирүү талабы менен президент Нурсултан Назарбаевге кайрылышты. Күн мурун министр төрт балалуу үй-бүлөлөргө берилип жаткан 30 долларлык жөлөк пул жакшы жардам экенин билдирген.

Быйыл инфляциянын орточо коридору 5% түзүп, жөлөк пулдар көбөйтүлдү. Жөлөк пулду көп балалуу энелерге бериле турган мамлекеттик сыйлыктардын ээлери алып жатышат. Аларга ай сайын өмүрү өткөнчө берилип турат. Башка өлкөлөрдө мындай дээрлик жокко эсе», — деген министр.

Министрдин бул билдирүүсүнөн кийин көп балалуу Ирина Исабекова аттуу жаран Назарбаевга кайрылуу жолдоду.

«Бул билдирүүсү менен ал өз көз карашын так көрсөттү. Ал биздин көйгөйлөрдөн таптакыр алыс экен. Алар жөлөк пулдар менен минималдык жашоо өлчөмүн кантип эсептешет билбейм, бирок ошол суммаларга өзүлөрү жашап көрө алышабы?», — деп жазган ал.

Иринаны өлкөдөгү башка көп балалуу энелер дагы колдоп чыгышты. Алар социалдык түйүндөрдө флешмоб баштап, айрымдары бир нече видео кайрылуу жасоого ниеттенип жатышса, башкалары балдары үчүн алып жаткан жөлөк пулдун суммасын санап көрсөтүшүүдө.

Казакстанда төрттөн көп баласы бар үй-бүлө көп балалуу деп эсептелет. Алтыдан көп баласы бар энелер төш белгилер менен сыйланып, жөлөк пулдун негизги суммасына бир аз акча кошуп алышат.

2018-жылдын 1-январынан тарта ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн кирешеси минималдык жашоо өлчөмүнүн жарымынан ашкан (14 142 теңге же 37 доллар) төрт же беш балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар берилбей калган.

Видео

Видео

ПИН номурдан чыккан чыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG