Ссылки доступа

Алишер Усманов Ташкенттеги Ислам борборуна 8 млн. долларлык сейрек китептерди белек кылды


Алишер Усманов Өзбекстандагы ислам цивилизациясы борборуна жалпы баасы 8 миллион долларды түзгөн сейрек кездешкен 4923 китеп белек кылды. Бул тууралуу борбордун директору Шоазим Миноваров билдирди.

Анын айтымында, борборго берилген коллекция Ислам дүйнөсүнүн Европага тийгизген таасири тууралуу латын, англис, француз жана немис тилдеринде жазылган сейрек китептерден турат.

Наманган шаарында туулуп-өскөн миллиардер Алишер Усманов былтыр Forbes журналына берген интервьюсунда «Арсенал» футбол клубун саткандан түшкөн акчасын Өзбекстандагы долбоорлорго, анын ичинде Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна бергенин билдирген.

Анда Орусиянын эң бай адамдарынын бири эсептелген Усманов Ташкенттеги Ислам борборуна 100 миллион доллар салганын билдирген.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG