«Орусиянын дүйнөнүн түрдүү аймактарында өзүнүн таасири менен бийлигин күчтөндүрүү аракетин улантып жатышы АКШнын максаттары менен кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн. Кытайдын аскердик модернизациясы менен анын тынч океан аймагында экономикалык жана аймактык үстөмдүккө жетүү аракети тынчсызданууну жаратат. Ошол эле маалда өз ара кызыкчылыктарга ээ маселелер боюнча Бээжин менен бирге иштөө мүмкүндүгү бар», — деп жазылган документте.
Бул документ ар төрт жыл сайын жаңыланып турат. 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук чабуулдардан кийин америкалык чалгын эл аралык терроризмди Кошмо Штаттардын башкы коркунучу деп атаган болчу. Эми болсо негизги көңүл геосаясий туруксуздукка бурулууда.