Ссылки доступа

Кибер алдамчылар колдонуучулардын маалыматын чогултуу үчүн фейк сайт түзүшкөн


Банктар аралык улуттук процессинг борбору Uzcard брендинин кибер алдамчылар тарабынан колдонулушун иликтөөдө.

Борбордун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Uzcard.uz сайтынын интерфейсин көчүрүп алып, UzCard төлөм системасынын атынан WEBSUM менен биргелешкен акция башташканын жарыялашкан.

Кибер алдамчылар бардык катышуучуларга акча бир нече пайызга көбөйөрүн убада кылышкан. Бирок колдонуучулар төлөм карталарынын номерин жана каражат көлөмүн жазышы керек болгон.

“Бул акция банк аралык Uzcard төлөм системасы тарабынан уюштурулган эмес. учурда компания алдамчылык фактысын иликтөөдө жана жакын арада анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берет”, – деп айтылат расмий билдирүүдө.

Процессинг борбору uzcard.org, uzcard.com жана uzcard.info сайттары Uzcard брендине тиешеси жок экенин эскертет.

XS
SM
MD
LG