Ссылки доступа

Прокуратура Ферганадагы түрттүрүлө турган үйлөрдүн айланасындагы абалды өз көзөмөлүнө алды


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ферганадагы түрттүрүлүшү керек болгон көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы абалды өз көзөмөлүнө алды. Аталган үйлөрдүн тургундары үч жумадан бери бийлик сунуштаган «шаардын четиндеги сапатсыз» үйлөргө көчүүдөн баш тартышууда.

Фергана шаарынын Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр калаа башчынын буйругу менен «моралдык жактан эскирген» деген негизде түрттүрүлүүдө.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, аталган үйлөрдүн тургундарынын көбү «бардык талаптарга жооп берген» батирлерге көчүп кетишүүдө. «Жаңы батирлерде өзүнчө жылуулук берүү системалары бар. Электр жарыгы, газ жана суу менен камсыздалган. 21-январга карата 43 үй-бүлө жаңы батирлерге көчүп кетишти. Алар 53 чарчы метрлик эски батирлердин ордуна 70 чарчы метрлик үч бөлмөлүү жаңы батирлерге ээ болушту», — деп жазылган мекеменин басма сөз кыматынын билдирүүсүндө.

Анткен менен бийлик тарабынан сунушталган жаңы үйгө көчүп барган тургундардын бири батирдеги шарттарга канааттанбаганын билдирүүдө. «Жаңы батирге бир жума мурда көчүп келгем, бирок мында дале болсо усталар иштеп жатышат. Жылуулук берүү системасы иштебегендиктен үч жаштагы бала менен үч күн муздак үйдө отурдук», — деди ал.

Жаңы үйлөргө көчүп баруудан баш тартып жаткан тургундар бийлик аларга басым жасап, өкмөт менен прокуратура органдарына туура эмес маалымат берилип жатканын билдиришүүдө.

19-январда аталган үйдүн 44 жаштагы тургуну Виктор Аристов бийликтин басымына чыдабай жүрөгү кармап каза болгону кабарланган.

Видео

Видео

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00
XS
SM
MD
LG