Маалыматка караганда, окуя шаршембиге оогон түнү Алматы облусунун Узынагаш айылына жакын жердеги №28237 аскер бөлүгүндө болгон.
«23-январда болжол менен түнкү саат 1:35терде ички күзөттө турган катардагы жоокер Уласбек Кожан башына ок атып, алган жараатынан каза болгон», — деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө. Анда Кожан аскерге былтыр июнда Астана шаарынын коргоо иштери боюнча департаменти тарабынан чакырылганы белгиленген.
Аймактык командачылыктын басма сөз кызматы Алматынын аскердик-тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери башталганын билдирди. «Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда», — деп жазылган билдирүүдө.