Учурда Душанбеге барган Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү бул маселени талкуулап жатышат.
Былтыр Өзбекстан менен Тажикстан чек араны толук тактап, жазуу жүзүндө макулдашкан. Эми демаркациялоо иштеринин жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы чек ара чийини картага түшүрүлөт.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым бөлүктөрү тууралуу келишимге былтыр март айында, Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге жасаган сапары маалында кол коюшкан.
Тажик-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1332 чакырымды түзөт.