Ссылки доступа

Тажикстанда 120 миңге жакын окуучу СПИДге карата текшерүүдөн өтөт


Тажикстанда 120 миңге жакын мектеп окуучусу СПИДге карата текшерүүдөн өткөрүлөт.

СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунан билдиришкендей, текшерүүнүн максаты — окуучулар арасындагы ВИЧ жуктургандарды алдын ала аныктоо болуп эсептелет.

«Акция бекер. Биздин адистер 118,7 миңден ашык окуучудан кан алып текшерүү жүргүзүшөт. Бул Душанбе, Турсунзаде жана Куляб шаарларында мектеп окуучулары арасындагы ВИЧ-инфекцияларды алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет», — деп билдирди борбордун башчысынын орун басары Дилшод Сайбурхонов.

Ал тесттердин жыйынтыктарынын жашыруундуулугу толук сактала турганын билдирди. «Биздин адистер СПИД аныкталган окуучулардын ата-энелери менен гана байланышат», — деди Сайбурхонов.

23-январда Душанбедеги алты мектепте СПИДге карата текшерүү өттү. Адистердин айтымында, бул акция 10-февралга чейин созулат.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда ВИЧке чалдыккандардын расмий саны 7 миңден ашса, алардын 800үн балдар түзөт.

XS
SM
MD
LG