«Директор сабакка кечигип баргандыгы үчүн кулагына урган. Болжол менен саат 12лерде балам телефон чалып, кулагы ооруп жатканын айтты. Райондук ооруканага барсак, тарсылдагы жарылып кеткенин айтышты. Азырынча директорго карата эч кандай чара көрүлө элек», — деди окуучунун апасы.
Маматмуродовдун айтымында, ал күнү чынында эле сабакка 10-15 мүнөт кечигип барган. «Директор мени чакырып, баш кийимимди чечтирди. Андан соң бетиме жана кулагыма урду. Кулагым катуу ооругандыктан апама телефон чалууга аргасыз болдум», — деди Маматмуродов.
Райондук милиция бөлүмүнөн мектеп окуучусунун сабалгандыгы боюнча иштин материалдары жергиликтүү прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдиришти.