Ссылки доступа

Өкмөт «Мегаком» компаниясын сатпайт


Өкмөт «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатпайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100% мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания түзгөнгө аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Жамангуловдун айтымында, акыркы беш жылда компания үлүштүк киреше катары мамлекетке 15 миллиард сом (214 миллион доллар) төлөдү. Салыктарды кошкондо бул сумма 20 миллиард сомго чейин жетет. Компания жетекчиси мамлекеттик бюджетке «Мегакомдон» түшкөн кирешени жылына 20-30% көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Мегаком» өлкөдөгү эң ири үч уюлдук оператордун бири болуп эсептелет. Компанияга ээлик кылган «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100% акциясы мамлекетке таандык.

Өкмөт 2015-жылдан бери «Мегакомду» үч жолу сатууга аракет кылган. Бирок кызыккан инвесторлор табылбагандыктан сатылган эмес. Министрлер кабинети компанияны 13,5 миллиард сомго баалаган.

XS
SM
MD
LG