Көзөмөл орган кабарлагандай, Трофимов “2005-2009-жылдар аралыгында “БТА Банктан” ири көлөмдө акча уурдаган, арам акчаны адалдаштырган, кылмыштуу топ түзгөн” деп шектелүүдө.
Казакстан Башкы прокуратурасы шектүү эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргелешкен иш аракетинин негизинде экстрадицияланганын белгиледи.
Бир жарым жыл мурун “БТА каражаттарын уурдоо” иши боюнча мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов 20 жылга сыртынан соттолгон. Ал 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашайт.