Ал былтыр 30-мартта Салык, валюта кылмышы жана арам кирешелерди легалдаштыруу департаментинин Чиланзар району боюнча мурдагы башчысы Зиёдулла Иногамовдун көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган.
2015-жылы жазында Шарифхожаевге карата «Коррупция» жана «Мамлекеттик каражатты кымырып алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анда өз булактар анын камакка алынганын кабарлашкан. Бирок генералдын качан жана кандай жагдайларда эркиндикке чыгарылгандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. 2015-жылы жайында ал ээлеген кызматынан бошотулган.
Өз булактардын маалыматына караганда, генерал Хаёт Шарифхожаев менен анын иниси, атайын кызматтын полковниги Жавдат Шарифхожаев Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага каршы жасалган «жазалоо чараларынын» башында турушкан. 2013-жылы декабрда Гүлнара Каримова «Хурриет» түрк басылмасына берген маегинде бир тууган Шарифхожаевдердин коррупцияга тиешеси бар экенин айткан.