Ссылки доступа

Ташкенттин башчысына таандык компаниянын жумушчулары эмгек шарттарына даттанышууда


Өзбекстанда Tashkent City курулуш долбоорун ишке ашырып жаткан Discover Invest компаниясынын жумушчулары дем алышсыз, күнүнө 12 сааттан иштеп жатышканын билдиришүүдө.

Жумушчулардын айтымдарында, 27-январда курулуш башчысы беш мүнөттүк эс алуу үчүн он жумушчуну иштен кетирген. Мындан улам жүздөн ашык жумушчу иш таштоого барган.

«Акыркы үч айдан бери биз дем алышсыз, күнүнө 12 сааттан иштеп жатабыз. Жакында он чакты балабыз чарчаганынан беш мүнөт эс алып алалы деп отуруп калышкан. Курулуш башчысы аларды сүрөткө тартып алып, жумуштан кетирип жиберген.Эртеси ал кесиптештерибизди колдоп, биз да ишке чыкпай койдук. Анан жетекчилик иштен алынган жумушчулардан кечирим сурап, аларды кайра жумушка алды», – деди куруучулардын бири.

Маалыматка караганда, Discover Invest компаниясы акцияларынын 70 пайызына Ташкенттин акими Жанхонгир Артыкхожаев ээлик кылган Akfa Group холдингине таандык.

Өзбекстандын эмгек мыйзамдарына ылайык, жумушчулардын бир жумалык иш убактысы 40 сааттан ашпашы керек. Алты күн иштегендердин күнүмдүк иш убактысы жети, ал эми беш күн иштегендердики сегиз сааттан ашпашы зарыл.

XS
SM
MD
LG