Ссылки доступа

Түркмөнстандын айрым көлмөлөрүндө балык уулоого тыюу салынды


Январдан тарта балыкчылардын Ашхабаддын жака белиндеги көлмөлөрдөн балык кармоосуна тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

​Басылманын Лебап облусундагы кабарчысы өлкөнүн чыгыш аймактарында дагы балык уулоого тыюу салынганын билдирди. Анын айтымында, тыюу Газожак жана Зейд суу сактагычтарына тиешелүү.

«Жумуш жок болгондуктан адамдардын көбү бир канча жылдан бери балык уулап келишет. Азыр болсо балык дээрлик жок калды. Мунун негизги себеби балыктар икра чачуу маалында дагы кармалып жатышы. Мисалы, күзүндө сууну арыктарга кое берип, суу менен чогу чабактар дагы агып чыгышат. Андан соң сууну дароо жаап коюшкандыктан, алар өлүп калып жатышат», — деп жазды басылма.

Өз булактардын маалыматына караганда, 2013-жылы көлмөлөрдөгү балыктардын санын көбөйтүү максатында Лебап облусундагы жасалма жана табигый суу сактагычтарда балык кармоого беш жылга тыюу салынган. Мындан чектөөлөр өлкөнүн башка аймактарында дагы киргизилген.

​Экономикалык кыйынчылыктар жана жумушсуздук шартында балык уулоо өлкө калкынын көбү үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Бирок ошол эле маалда жеке балык чарбаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө чектелген. Мамлекет расмий түрдө балык кармоого тыюу салып келет. Буга байланыштуу өлкөдө броконьерлик кеңири жайылган.

XS
SM
MD
LG