Ссылки доступа

Сирияда жүргөн 300 казакстандыктын 100гө жакыны жоочулар


Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарында 300дөн ашык казак жараны калса, алардын 100гө жакыны жоочулар. Бул тууралуу Сенаттын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков билдирди.

Анын айтымында, Сириядагы казак жарандарынын арасында аялдар дагы бар.

«Аялдар негизинен күйөөлөрүнүн аркасынан барышкан жана ошол жактарда калышууда. Бирок Казакстандын аймагында кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандары да бар. Жаңжал болуп жаткан аймактарда жүргөн казак аялдардын айрымдарынын согуштук аракеттерге катышып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Эгер алар мекенине кайтса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат», - деп билдирди Билисбекова.

Январдын башында казак бийлиги Сириядан 47 казакстандык, анын ичинде 30 бала жана 11 аял алып келингенин билдирген.

Видео

Видео

"Көрүнбөгөн" адамдар: паспортсуз жашоо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00
XS
SM
MD
LG