Ссылки доступа

Түркмөнстан аймактагы эң коррупциялашкан өлкө деп табылды


Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген «Transparency International» уюмунун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Түркмөнстан 161-орунга жайгашып, Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы эң коррупциялашкан өлкө деп табылды.

«Transparency International» Борбор Азия менен Чыгыш Европа өлкөлөрүндө мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча олуттуу жылыш жок болуп, бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жатканын белгилеген.

«Дээрлик [Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы] ар бир өлкө 100 упайдын 45 же андан азына ээ болушту. Бул аймакта коррупцияга каршы күрөштө өтө аз жылыш болгон», — деп жазылган баяндамада.

Түркмөнстан бир топ жылдан бери дүйнөнүн эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн тизмесинде калууда. Ал ортодо бул өлкөнүн жетекчилиги жемкорлукка каршы күрөштү өкмөттүн ишиндеги приоритетттүү багыттардын бири экенин жарыялаган.

Күн мурун Түркмөнстанда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен өлкөнүн Ички иштер министрлиги бириктирилген. Президент 25-январда кол койгон жарлыкка ылайык, мындай чечим экономикалык кылмыштарга каршы күрөштүү күчөтүү жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG