Ссылки доступа

Казакстан сенатынын башчысы өлкө аталышын өзгөртүүгө негиз жок деп эсептейт


Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу депутаттын сунушу боюнча пикирин билдирди.

«Аталышы Казакстан Республикасы бойдон калышы керек. Президентибиз тарабынан көптөгөн эл аралык келишимдерге Казакстан Республикасынын атынан кол коюлган. Мамлекеттин аталышын өзгөртүүгө эч кандай негиз жок. Бизде башка көйгөйлөр көп», — деди Токаев.

Өткөн жумада мажилис депутаты Азат Перуашев Казакстандын аталышын Казак Республикасы деп өзгөртүүнү сунуштаган. Премьер-министрге жолдогон катында ал 2020-жылы СССР курамындагы Казак Республикасынын негизделгенине 100 жыл болорун белгилеген.

2014-жылы февралда президент Нурсултан Назарбаев өлкө аталышынын аягындагы «стан» деген сөздөн арылуу керектигин белгилеп, өлкө Қазақ елі деп өзгөтүлүшү ыктымалдыгын айткан. Анда мамлекет башчынын бул демилгеси социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG